Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010- жыл 30-июль № 188
Ош шаарынын башкы планына макулдук берүү, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун
ортосундагы административдик-аймактык түзүлүшүнѳ тиешелүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ кайрылуу жѳнүндѳ
Кыргыз илим-изилдѳѳ жана шаар куруу боюнча долборлоо институнун 2010-жылдын 28-июнундагы №60 Ош шаарынын башкы планын даярдоо боюнча болуп жаткан иш аракеттеринин маалыматы, ошондой эле 2010-жылдын 27-июлундагы №277-08-6 Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун ортосунда административдик-аймактык реформа жүргүзү жѳнүндѳгү каттарын карап жана талкуулап, сессиянын жүрүшүндѳ депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз илим-изилдѳѳ жана шаар куруу боюнча долборлоо институту (КНИИП) тарабынан 2010-2025-жылга чейинки даярдалган Ош шаарынын башкы планынын биринчи этапы жактырылсын жана экинчи этапы улантылып жыйынтыкталышына макулдук берилсин.
2. Ош облусунун Кара-Суу районунуна караштуу Ош шаарына чектешкен Тѳлѳйкѳн айылдык округунун 11510га аянтын толугу менен, Папан айылдык округунун 2500га, Кызыл-Кыштак айылдык округунун 635га, Нариман айылдык округунун 97га, Шарк айылдык округунун 1428га аянттарын Ош шаарынын административтик аймагына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ сунуш жѳнѳтүлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары | С.Аматова
|