Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 189,
Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
Көптөгөн жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда өз өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү болгон күчүн жана мүмкүнчүлүгүн жумшап, кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы чыр-чатакты кыска мөөнөттө токтотууга, Ош шаарында тынчтыкты жана элдер ортосундагы ынтымакты орнотууга эбегейсиз эмгек жумшагандыгын, ошондой эле, оор жоготууга учураган шаарды калыбына келтирүүгө, жакындарынан айрылган жарандарга ар тараптуу колдоону камсыздоо үчүн кошкон зор салымын эске алып жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуштарынын негизинде, депрутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэри Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич жогорку даражадагы мамлекетик сыйлыкка - Кыргыз Республикасынын Баатырына көрсөтүлсүн.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, регламент жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |