Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 190
Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
Ош шаарында июнь айындагы коогалаңда, элдин ынтымагын, биримдигин сактоо аракетинде жүрүп, мыкаачылардын огунан каза болгон №8-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаты, маркум Шакиров Аскар Абидиновичтин Ата Мекен алдындагы аткарган эрдиги үчүн, аны "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына көрсөтүү жөнүндөгү Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 14-июлундагы № 260-08-6 катын, маркумдун үй-бүлөөсүнүн кайрылуусун, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын 8-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаты, маркум Шакиров Аскар Абидинович Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгы - Кыргыз Республикасынын Баатырына көрсөтүлсүн.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратына А.Шакировду Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгына - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына көрсөтүү үчүн керектүү документтерди даярдап, шаардык мэрияга жиберүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, жылуулук-энегетикалык комплекс, транспорт жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С. Аматова |