Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 191
Ош шаарынын "Демократическая" көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасынын 2010-жылдын 28-июнундагы №134 жана шаардын №8- шайлоо округунун шайлоочуларынын атынан келген каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык мэриясынын астында түзүлгөн географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2010-жылдын 1-июлундагы №6-токтомунун негизинде, июнь айындагы коогалаңда карама-каршылыкты жоюу үчүн, эки элди ынтымакка чакырууга аракет жасоодо окко учуп курман болгон Ош шаардык Кеңешинин депутаты маркум Шакиров Аскар Абидиновичтин элесин урматтап, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын "Демократическая" көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары "Гагарин" атындагы көчө деп аталсын.
2. Ош шаарынын "Гагарин" көчөсү "Аскар Шакиров" атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөлөрдүн аттары жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Салиев) милдеттендирилсин.
4. "Гагарин" жана "Аскар Шакиров" атындагы көчөлөрдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Асанов) "Гагарин" жана "Аскар Шакиров" атындагы көчөлөрдүн тургундарын кайрадан каттоо жагы милдеттендирилсин.
6. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Б.Ибраимжанов), шаардык нотариалдык кенсесине (Л.Тажиева) "Гагарин" жана "Аскар Шакиров" атындагы көчөлөрдүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
7. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жана Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |