Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 193
Ош шаары боюнча 2010-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык курулушунун өнүгүПрограммасын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 1-июнундагы № 208/08-6 Ош шаары боюнча 2010-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык курулушунун өнүгүү Программасын бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 21-июлундагы отурумунун №12-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаары боюнча 2010-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык курулушунун өнүгүү Программасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |
Ош шаары боюнча 2010-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу
капиталдык курулушунун өнүгүү
Программасы
№ |
Иш-чара | Сметалык баасы (миң сом) | Анын ичинде кварталга бөлүнгөндө | Аткаруучулар жана катышуучулар |
Максаты | |||
I | II | III | IV | |||||
1 | Узундугу 2,9 км.болгон, өткөл бөлүгүнүн кеңдиги 9 метрлик, тротуар бөлүгү 2 метрден, 1,4 метрлик жашыл тилкесинен турган, эки жактан иригациялык арыкчаларды орнотуу менен Ак-Бура көчөсүн куру жана реконструкция иштери | 55 000,0 |
| 25 000,0 | 30 000,0 |
| Капиталдык курулуш жана шаар жолдор башкармалыктары | Жолдордун техникалык абалын жакшыртуу жана жол кыймыл коопсуздугун жогорулатуу |
2 | Жылуулуктан ажыратылган көп кабаттуу үйлөрдү кайра туташтыруу менен котелдук чарбаны куруу жана реконструкция иштери | 24 500,0 |
|
| 15 000,0 | 9500,0 | Ош муниципалдык турак-жай мекемеси | Жылуулуктан ажыратылган көп кабаттуу үйлөрдү кайра туташтыруу менен жылуулук берүү |
3 | Мүмкүнчүлүгү чектелген жаарандарга 30 квартиралуу көп кабатуу үйдүн курулушуу ( 1кв.метр-22,5 миң сом, бир квартиранын орточо аянты 70 кв.метр) | 47 500,0 |
|
| 20 000,0 | 27500,0 | Капиталдык курулуш жана шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыктары | Социалдык жактан аз камсыз болгон мүмкүнчүлүгү чектелген жаарандарга даректүү колдоо |
4 | Примов көчөсүндөгү Увам дарыясына тирегич дубалды куруу | 2061,3 |
| 2061,3 |
|
|
|
|
5 | № 33,34,37,45,31 мектептеринин жылуулук берүүчү системаларын оңдоо жана реконструкция иштери | 14 000,0 |
| 5000,0 | 5000,0 | 4000,0 |
|
|
6 | Капиталдык курулуш обьектеринин кредитордук карыздарын жоюу | 6938,7 |
|
|
| 6938,7 |
|
|
| Жыйынтыгы: | 150 000,0 |
| 32 500,0 | 70 000,0 | 47938,7 |
|
|
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |