Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 194
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 13-июлундагы № 255/08-1- шаардагы коогалаңдуу окуяга байланыштуу республикалык бюджеттен кошумча берилген акча каражатынын эсебинен бөлүнгөн буйруктарын карап бекитип берүү жөнүндөгү катын жана Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 21-июлундагы отурумунун №11-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы коогалаңдуу окуяга байланыштуу республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен Ош шаардык мэриясынын буйруктарынын негизинде бөлүнгөн 25853300 сом акча каражаттарын бекитип берүүгө жана жергиликтүү бюджеттен кошумча иретинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 21-июлундагы отурумунун №11-токтомунун негизинде 1500 000 сом акча каражаттарын №1-тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б. Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |