Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-декабры №2
Балыкчы шаарындагы бала-бакчалардын мүчөлүк акысын кайра карап берүү жөнүндө
Балыкчы шаардык Кеӊешине шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Кулова өтүнүч кат менен кайрылган: азыркы учурда балдардын тамактануусуна керектөөлүчү тамак-аш, азык-түлүктөр күндөн күнгө кымбаттагандан улам ата-энелерден алынган мүчөлүк акы жетишпейт. Ошондон улам баардык бакчаларда чогулуштар өткөзүлүп ата-энелерден алынган мүчөлүк акыны көтөрүү маселеси айтылып макулдашылган.
Балыкчы шаардык Кеӊеши коюлган маселени ар тараптан карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жана шаардын бала-бакчаларынын ата-энелерден алынуучу мүчөлүук айлык акысын көбөйтүү боюнча сунушу эске алынсын жана 2011жылдын 1 январынан баштап, айлык мүчөлүк акысынын көлөмү 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. XXIV чакырылышынын XXXIV сессиясында кабыл алынган № 9 токтомдун күчү жоготулсун деп эсептелинсин.
3. Токтом Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан катоодон өткөрүү жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин социалдык өнүгүү жана укук коргоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джаликов |