Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-февралы №8/1
Кара-Кулжа районунун 2009-жылдагы райондук бюджетининин аткарылышы, 2010-жылга райондук бюджети жана 2011-2012-жылдарга райондук бюджеттин божомолу жөнүндө
«Кара-Кулжа районунун 2009-жылдагы райондук бюджетининин аткарылышы, 2010-жылга райондук бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолдуу райондук бюджетинин божомолу жөнүндөгү» Кара-Кулжа райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Толоновдун маалыматын, райондук Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын, райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа районунун 2009-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 34095,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү 33837,1 миң сомго жана 2009-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 34685,3 миң сомго , чыгаша бөлүгү 33837,1 миң сомго, же кирешенин чыгашадан 848,2 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы бекитилсин.
2.Райондук бюджетте турган мекеме, уюмдарга 2009-жылы республикалык бюджеттердин чыгашаларынын айрым бөлүмдөрү боюнча каржыланбай калган чыгымдары 2010-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы Кара-Кулжа райондук финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Кара-Кулжа районунун бюджетинин кирешелери менен чыгашалары 2010-жылга 30602,2 миң сом өлчөмүндө жана 2011-жылга 33102,9 миң сом, 2012-жылдарга 34102,9 миң сом өлчөмдөрүндөгү болжолу бекитилсин.
4.Райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фонду 290,0 миң сом болуп белгиленсин. ( № 3-тиркеме тиркелет).
5.2010-жылга райондук бюджеттин жана 2010-2011-2012-жылдарга болжолунун кирешелеринин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. (№1- тиркеме тиркелет). Райондук бюджеттин чыгаша бөлүгү «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүулөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык (14-январь 2008-жыл №14) 2009-жылы түшүрүлө турган кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленип , керектелүүчү бюджеттин жетишпеген 6875,1 миң сом өлчөмүн жыл ичинде республикалык бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү каражат түрүндө кошумча бөлдүрүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен суралсын.
6.«Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык 30 пайыз өлчөмүндө салык агенттигине төлөнүүчү киреше салыгынан жана сатуудан алынуучу салыгынын жалпы райондук жана айылдык бюджетке чегерилүүчү 10 пайыздык өлчөмүнүн 50 пайызы райондук бюджетке өткөрүүлөрдүн өлчөмдөрү 2010-жылга № 2-тиркемеге ылайык аныкталсын (№2-тиркеме тиркелет).
7.«Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык ;
-бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынгандыгын жана бул талап аткарылбаган учурда атайын каражаттардын 50 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алына тургандыгы эскертилсин;
8.Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттар билим берүү тармагындагы приоритеттүү багыттарды каржылоого жумшала тургандыгы жана теңдештирүүчү грант биринчи кезекте социалдык чөйрөнүн эмгек акыларына жана социалдык фонддун чегерүүлөрүнө багытталышы белгиленсин.
9.Каракулжа райондук мамлекеттик администрациясына тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүн, баалардын деңгээлдеринин, инфляциянын деңгээлинин, райондо болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялары боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр райондук Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
10.Райондук билим берүү бөлүмүндөгү мугалимдердин чыгармачылык борборуна (методикалык кабинетке) жергиликтүү бюджеттен штаттык бирдиктерди 2010-жылдан киргизип кармоо боюнча токтом чыгарып берүү жагы райондук мамлекеттик администрацияга сунуш кылынсын жана ал штаттык бирдиктерди каржылоо жагы райондук финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңештин төрагасы |
К. Алиязов |