Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-февралы № 8\2
Кара-Кулжа районунун 2009-жылдагы социалдык-экономикалык онугуу планынын аткарылышы жана 2010-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу планы жөнүндө
Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу экономикалык планы айылдык округдардын башчыларынын жана мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук Кеңештин туруктуу комиссиясынын кошмо жыйналышында алымча-кошумчалары менен толукталгандыгына байланыштуу депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2011-жылга чейин комплекстүү өнүгүүсүн улуттук стратегиясынын негизинде түзүлгөн Кара-Кулжа районунун 2010-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн экономикалык болжолдуу планы жактырылсын (№1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-11-12-13-14- тиркемелер тиркелет) жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы райондун аймагындагы айылдык округдардын башчылары менен мекеме-уюмдардын жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан бардык субъектилердин башчыларына милдеттендирилсин.
2.Райондун 2010-жылга белгиленген экономикалык болжолдуу планында көрсөтүлгөн айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүнү көбөйтүү, дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуу, мал чарбасын өнүктүрүү андан өндүрүлүп алынган азык-түлүктөрдүн сапатын жакшыртуу менен азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында өстүрүлгөн түшүмдү, алына турган айыл-чарба азык-түлүктөрүн көбүрөөк өндүрүп алып калкты жетээрлик сандагы азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүү жагы райондун аймагындагы айылдык округдардын башчыларына жана дыйкан-фермердик чарбалардын жетекчилерине тапшырылсын.
3.Коомдук малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу максатында, эпизоотиялык профилактикалык иш чараларды жүргүзүүнү күчөтүп, ветеринардык иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүү, малдардын асыл-тукумдуулугун, породалык составын жакшыртуу менен талаачылык иштеринде жаңы тажрыйбаларды, технологияларды пайдаланууну кеңири жүргүзүү жагы айылдык округдардын башчыларына, райондук ветеринардык башкармалыкка жана райондук агрардык өнүктүрүү департаментине милдеттендирилсин.
4.Бул токтом менен 2010-жылга бекитилген райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу планынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси У.Козубаевге тапшырылсын.