Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 22-декабры №76
Жазы айылдык округунда таза сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Жазы айылдык округунун башчысынын таза сууну пайдалануунун абалы жөнүндө маалыматын жана сунушун угуп жанан талкуулап Жазы айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жазы айылдык округунда таза сууну пайдалангандыгы үчүн төмөндөгүдөй акы төлөөнүн өлчөмү 2011 жылдын 1 январынан баштап бекитилсин:
Короосунун ичинде таза суусу чыгарылгандар учүн ар бир түтүнгө ай сайын - 50 (элүү) сом;
Короосунун сыртынан ташып келип пайдалангандар үчүн ар бир түтүнгө ай сайын – 30 (отуз) сом
Айылдык округдагы ар бир айыл үчүн таза сууну пайдалануучулардын так тизмеси такталып, “Молтур булак” СООПВнын 2011 жылга бюджетинин кирше болугу аныкталып, бул боюнча маалыматтарды айылдык Кеңештин 2011 жылдын 19 январында ото турган сессиясында билдирүү “Молтур булак” СООПВнын башчысы Баймуратов Кылычка тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдун Кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жазы айылдык округдук Кеңешинин төрагасы: |
Тагаев М |