Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 31
Уч-Коргон айылдык кеңешинин Эл Депутаттары Айдарова Айсалкынды жана Темирбекова Рапияны депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
2011-жылдын 16-кулжа айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” кабыл алынган мыйзамынын 4-бапынын “Депутаттык мандат” тууралуу 24-беренесинин 7-пунктунун негизинде Уч-Коргон айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттар Айдарова Айсалкындын жана Темирбекова Рапиянын 2010-2011-жыл ичинде кеңештин кезектеги XI-XII-XIII-сессияларына жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Шайлоочулардын кыйла көп добушун алган депутаттыкка талапкер Султакеева Уулкандын депутаттык ыйгарым укугу таанылсын.
3. Айдарова Айсалкындын ордуна детутат Султакеева Уулканды туруктуу Соц. комиссиянын мүчөсү болуп киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Т. Айтматовага жүктөлсүн.
Уч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Орозалиев С.Ж. |