Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №312
Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен
жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102, 2026-жылдын 31-мартындагы № 87, 2026-жылдын 30-июнундагы № 107 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жүргүнчү транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, борбор шаарыбыздын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз ташуу, жүргүнчүлөр транспорт муниципалдык ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, аларга кызмат көрсөтүүдө бааны жөнгө салуу үчүн, ошондой эле Бишкек шаарынын жарандарынын кээ бир категорияларын жүргүнчүлөр транспортунда акысыз ташууну камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаарынын коомдук шаардык жүргүнчү транспорту менен (троллейбустарда, автобустарда, маршруттук таксилерде) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин:
а) 2011-жылдын 17-майындагы № 225 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө";
б) Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 265 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
-Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтерди өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын жана инфляциянын өзгөрүүсүн эске алсын;
-Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортун жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү Концепциясын киргизсин.
4. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2012-жылдын 1-майында № 39 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М.Имашовго жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)