Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-февралы №210
Жер аянтынын категориясын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 17-февралындагы №59/08-6 Ош шаарынын тургундарын турак-жай курууга жер участоктору менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу «Катта-Сай» массивиндеги кайра бөлүштүрүү фондусунун 865 гектар айыл чарба багытындагы жер аянтын калктуу конуштар категориясына которуу (трансформациялоо) маселеси боюнча өтүнүч катын карап жана талкуулап, ошондой эле депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардьш Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын «Катта-Сай» массивиндеги 322,7 гектар айыл чарба багытындагы жерди, анын ичинде 292.7 гектар кайрак айдоо жерин, 30 гектар көп жылдык бак-дарак отургузулган жерди калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
2. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын «Катта-Сай» массивиндеги 167,3 гектар жайыт жериң жана айыл чарбачылыгы үчүн пайдаланышбаган башка 10 гектар жерди калктуу конуштар категориясына, которууга макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу айыл чарба багытындагы жер аянттарын калктуу конуштар категориясына которуу боюнча тиешелүү иш-кагаздарын даярдап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберүү жагы милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
|
Д. Алимбеков
|