Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-февралы №211
Мурдагы шаардык №3-оорукананын имаратын пайдаланууга укук берүүчү иш кагаздарын алууга жана анын ордуна заманбап мончо-кир жуучу жайдын курулушун жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин орун басары Б.Жолчиевдин 2010-жылдын 17-сентябрындагы №19/2891 Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын убактылуу пайдалануусундагы шаардык №3-аймактык ооруканасынын аянтчасын пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана жер аянтчасынын пайдаланууга укук берүүчү иш кагаздарын алууга уруксат берүү жөнүндөгү катын, шаардык Кеңештин депутаттарынын макулдук берген баракчасын эске алуу менен карап жана талкуулап, 2010-жылдын 27-сентябрындагы депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №9-токтомун, ошондой эле депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы шаардык №3-оорукананын имаратын пайдаланууга укук берүүчү иш кагаздарын алууга жана анын ордуна заманбап мончо-кир жуучу жайдын курулушун жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясынын №129 жана 2009-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз XV сессиясынын 138-токтомдору жокко чыгарылсын.
З.Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына:
-2004-жылдын 16-мартында 20 жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишим жокко чыгарьшып, кайрадан 5-жылдык мөөнөт менен келишим түзүлсүн;
-өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин каражатына курулган курулушту мыйзам чегинде башкармалыктын балансына алынсын.
4. Мончо-кир жуучу жайдын иш кагаздарын даярдоо Ош шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына (А.Абдыкаров) жана курулушту көзөмөлдөө Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш башкармалыгына (Н.Баетов) милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (ДАбдуллаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: |
Д. Алимбеков
|