Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №212
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга иш планын бекитүү жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнө толуктоо киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын, аппаратынын сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, ошондой эле бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы №21-токтомун жана сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга иш планы бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Штаттык расписаниеге 2011-жылдын 1-январынан бир чарба башчысы бирдигин киргизүү менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнө толуктоо киргизилсин.
3. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси З.М.Сасыкбаевге жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|
|