Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №219
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынан, Ош шаарьшын атуулдарынан жана мекеме уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 3-сентябрындагы №15, 2010-жылдын 7-сентябрындагы №17, 2010-жылдын 14-октябрындагы №19, 2010-жылдын 18-ноябрындагы №21, 2010-жылдын 9-декабрындагы №22, 2011-жылдын 6-январындагы №1 жана 2011-жылдын 4-февралындагы №4-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 3-сентябрындагы №15-токтомунун негизинде 2378935 сом, 2010-жылдын 7-сентябрындагы №17-токтомунун негизинде 262500 сом, 2010-жылдын 14-октябрындагы №19-токтомунун негизинде 110 000 сом, 2010-жылдын 18-ноябрындагы №21-токтомунун негизинде 40764 сом, 2010-жылдын 9-декабрындагы №22-токтомунун негизинде 30,0 миң сом ,2011-жылдын 6-январындагы №1-токтомунун негизинде 40,0 миң сом жана 2011-жылдын 4-февралындагы № 4-токтомунун негизинде 50,0 миң сом акча каражаттарын №1-тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаардык жолдор башкармалыгынын 2010-жылдагы титулдук баракчасындагы жолдорго шагыл төшөөгө каралган 6,0 млн. сом акча каражатын, Ош шаардык мэриясынын чатырын жана «Атайын адистештирилген» муниципалдык автобазанын имаратын ондоо үчүн Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын эсебине которууга жана Ош шаардык муниципалдык башкармалыгынын 2010-жылдагы титулдук баракчасында атайын техникаларды сатып алуу үчүн каралган 10,0 млн. сом акча каражатын Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына которууга макулдук берилсин, (5,0 млн.сом Ош шаарынын кире беришиндеги Арканын курулушу жана 5,0 млн. сом «Арис» программасына кошумча каржылоо). Ошондой эле Ош шаарынын «Атайын адистештирилген» муниципалдык ишканасынын 2010-жылга бюджеттен дотациялоо үчүн каралган 2,0 млн сом акча каражатын Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына которуу жолу менен таштанды салуучу контейнерлердин айланасына тосмо орнотуу үчүн Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына бекитип берүүгө уруксат берилсин.
3. Ош шаардык каржы башкармалыгына баланстык отчетту түзүү боюнча программаны жана персоналдык компьютер сатып алуу үчүн суралып жаткан 100,0 мин сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо булагын таап бөлүп берүү жагы сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы кезектеги XXVI сессиясы № 219 - токтомуна тиркеме |
.Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 3-сентябрындагы отурумунун №15-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-1200,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын №1 «Туран» аймактык Кеңешинин Фузкультурная, Бах, Тайгараев, Крылов жана Жамбул көчөлөрүнө суу жеткирүү үчүн насостук станциясын курууга; -90,2 миң сом акча каражатын Ош облустук жана Ош шаардык райондор аралык мамлекеттик эмгек инспекциясынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1,5 штаттык бирдикти кармоо үчүн;
-88735 сом акча каражатын Ош шаардык жарандарды тейлөө бюросунун 4 штаттык бирдигин жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармоо үчүн;
-1000,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы «Жылуулук камсыздоо» ишканасына шаардын билим берүү жана саламатыктоо сактоо мекемелерине «ТАНСУ» маркасындагы суу жылытуучу казанын сатып алуу үчүн
Жалпы суммасы: 2378935 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы отурумунун №17-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-Ош шаардык Ветеринардык инспекциясын 2010-жылдын 1-августунан баштап жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармоо үчүн 262500 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилисин.
Жалпы суммасы: 262500 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 14-октябрындагы отурумунун №19-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-100 000 сом акча каражатын Ош шаарьшын №1-«Туран» аймактык Кецешинин «Эделвейс» конушуна суу чыгаруу учун насосту ондоо учун;
-10 000 сом акча каражатын Ош шаарьшын тургуну М.Умурзаковдун Россия Федерациясына куреш боюнча эл аралык турнирге барып келуу учун жергиликтуу бюджеттен жардам иретинде;
Жалпы суммасы: 110 000 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы отурумунун №21-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-10764 сом акча каражатын, (1584 сом СоцФонд, 9180 сом эмгек акы) депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, анын сакталышын көзөмөлдөө жана чарбалык муктаждыктарын камсыз кылуу багытында чарбалык иштер бокшча бир адисти кармоого жана аталган адистин 2010-жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айлары үчүн эмгек маянасы үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын «Манас-Ата» кичи районунун Салиева көчөсүнүн №11-көп кабаттуу үйүнүн чатырын ондоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам иретинде.
Жалпы суммасы: 40764 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 9-декабрындагы отурумунун №22-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-30,0 миц сом акча каражатын №8-«Ак-Буура»аймактык Кецешинин 2010-жылга аренда акысын телее учун жергиликтуу бюджеттин эсебинен таап белуп берууге макулдук берилсин. Жалпы суммасы: 30,0 мин сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 6-январындагы отурумунун №1-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-40,0 миң сом акча каражатын Ош шаарьшын «Алай» көчөсүнүн тургуну Б.Досбаевага турмуш-тиричилигинин оордугуна байланыштуу Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочуларынын наказдарын аткарууга 2010-жылга каралган фондунун иштетилбей калган каражаттарынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин
Жалпы сумма: 40,0 мин сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 4-февралындагы отурумунун №4-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен «белунуучу кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-50,0 мин сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Т.Абдыкеев тарабынан жаш балдарга арналган жомок жыйнагын чыгаруу үчүн Ош шаардык маданият башкармалыгы аркылуу бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Жалпы сумма: 50,0 мин сом
Бардыгы: 2912199 сом
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
|
З.Сасыкбаев
|