Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №220
Ош шаарында муниципалдык базар уюштурууга «Текстильщик» ачык Акционердик коомунун мүлк комплексин жер аянты менен жана жеке ишкер А.Галиаскаровага тиешелүү болгон мүлктү сатып алуу учун Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнөн пайызы жок ссуда алууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 13-сентябрындагы №337/08-6 жана 2010-жылдын 20-сентябрындагы №351/08-6- Ош шаарында муниципалдык базар уюштурууга «Текстильщик» ачык Акционердик коомунун мүлк комплексин жер аянты менен жана жеке ишкер А.Галиаскаровага тиешелүү болгон мүлктү сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн пайызы жок ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап чыгып бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 14-октябрындагы №20-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы «Текстильщик» ачык Акционердик коомунун салыктар боюнча мамлекеттин алдында болгон карыздарынын эсебинен аталган акционердик коомго жана ошол акционердик коомдун аймагында жайгашкан жеке ишкер А.Галиаскаровага тиешелүү болгон жер аянттарынд көп тармактуу муниципалдык базар уюштуруу жана ал жердеги мүлктөрдүн бааларын аныктоо мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) Ош шаарына Алай, Өзгөн жана Араван, Ноокат багытынан келүүчү каттамдардын кыймыл-аракетин тескөө жана шаарды транспорт каражаттарынан жеңилдетүү максатында шаардын Чыгыш жана Батыш тарабына автобекеттерди уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
|
Д.Алимбеков
|