Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
от 4 марта 2011 года № 222
Ош шаардында даават иштерин убактылуу токтотуу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 30- декабрындагы № 465X08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2008-жьшдын 31-декабрындагы №282- «Кыргыз Республикасынагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары женунде» мыйзамынын 4-беренесинин 7-пунктунун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жьшдын 2-мартындагы отурумунун № 1 токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып суйлеген депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 0ш шаарында даават жүргүзүү иштери казияттын, мэриянын уруксаты менен мыйзам чегинде жана жобонун негизинде жүргүзүлсүн;
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тогузунчу бөлүмүнө жергиликтуу бюджеттен алты штаттык бирдик белунуп берилсин.
З. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына (П.Асанов),Ош шаарынын прокуроруна (Л.Жумабаев), УКМКнын Ош шаардык белумунун башчысына (Асанбаев Т.Р) даават жургузуу иштерин кеземелге алуу жагы милдеттендирилсин;
4. 0ш шаарынын мечиттеринде, медреселеринде жана ар кандай коомдук жайларда даават иштеринин аткарылышы женундегу иштердин кандай журуп жаткандыгын текшеруу максатында Ош шаардык Кецешинин депутаты Атазов Ш.К (жумушчу топтун терегасы), депутаттар Т.А.Жоробеков, К.М.Ташкуловдун (жумушчу топтун мучелеру) катышуусунда жумушчу топ тузулсун.
5. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана «Ош шамы » гезитине (Б.Матисаков) жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков
|