Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты № 223
"Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасыньш жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" Жобону жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдьш 14-январындагы № 13-08-06-Ош шаарынын тургундарына шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган үйлөрдү бөлүштүрүү жөнүндөгү Жобону жана 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында жабыр тарткан жарандарга турак-жай бөлүштүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коомдук комиссиянын курамын бекитип берүү тууралу катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2011-жылдын 11-февралындагы № 5-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасыньш жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" Жобону жана комиссиянын курамы № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Апимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин. архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айыл. чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
|
Д. Алимбеков |