Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты № 224
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу, агындыларды тазалоо жана кабыл алуу боюнча жеке адамдар жана юридикалык жактар менен түзүлүүчү келишимдер жөнүндө
Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасынын 2010-жылдын 12-ноябрындагы № 569-«Ичүучү суу менен камсыз кылуу, агындыларды тазалоо жана кабьш алуу» боюнча жеке адамдар жана юридикалык жактар менен түзүлүүчү келишимдер жөнүндөгү катын карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 14-январындагы №5-токтомунун негизинде жана сессияда чыгьш сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу, агындыларды тазалоо жана кабыш алуу» боюнча калк менен түзүлүүчү келишим №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Калктын калың катмарына жеткирүү максатында бул токтом шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын.
3. Аталган токтомду мыйзам чегинде каттоого алуу жагы депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин башкы адис-юристине тапшырьшсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын январындагы кезектеги XXVI сессиясынын № 224 токтомуна № 1-тиркеме |
Ош шаарынын калкын ичүүгө жарактуу суу менен камсыз кылуу жана агынды сууларды кабыл алуу кызматын көрсөтүү боюнча
КЕЛИШИМ
«___»_____20___жыл №_________
Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кьфгыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Ичүүгө жарактуу суу жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, Суу менен камсыздандыруучу мекеме менен ичүүгө жарактуу сууну жана агындыларды өткөрүүчү керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери эки тараптуу каралат.
ОМИ «Ошшаарсууканал»,мындан ары «Камсыздоочу», ишкананын Уставынын негизинде иш жүргүзүлгөн, директору Д.К. Кочкоров бир тараптан, жана __________________________________________________________________________________________________________________________________________
мындан ары «Керектөөчү», экинчи тараптан, ичүүгө жарактуу суу менен камсыздоо жана агынды сууларды кабыл алуу боюнча ушул Келишимди түзүштү.
I. Келишимдин максаты
1.1. «Камсыздоочу» ушул Келишимде бекитилген шарттарга ылайык «Керектөөчү» ичүүгө таза суу менен камсыз кылуу жана агындыларды кабыл алууга милдеттенет, ал эми «Керектөөчү», «Камсыздоочунун» ичүүгө жарактуу сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу боюнча кызматтык акыларын өз убагында төлөп берүүгө милдеттенет.
II. «Камсыздоочунун» милдети жана укугу
2.1.Ушул Келишимге ылайык «Керектөөчүнү» ичүүгө жарактуу суу менен камсыз кылуу жана агьшды сууларды кабыл алуу, тазалоо иштерин аткаруу;
2.2. «Керектөөчүнүн» суу түтүктөрүнүн тармактарында кошуп байланыштыруучу чекитинде 0,3 атм. туруктуу жумушчу басымын сактап туруу.
2.3. Мам.стандарттын 2874-82 «Ичүүгө жарактуу суу» эрежесине ылайык, ичүүгө жарактуу суунун зыянсыздыгын камсыздоо.
2.4. Ичүүгө жарактуу суунун жоготууларына каршы пландуу түрдө иш альш баруу, «Керектөөчүнүн» ички тармактарьшда суунун жоготууларын болтурбоону талап кылуу
2.5. Сууну берүүнү жана агынды сууларды кабыл алууну пландаштырылган түрдө чектөө же токтотуу жөнүндө (түтүктөрдөгү жарылуу кырдаалынан сырткары) жазуу түрүндө, суу менен камсыздоо системасын өчүргөнгө чейин 5 суткадан кем эмес мөөнөттө, алардын себебин жана убактысын белгилөө менен, «Керектөөчүнү» кабардар кылуу. Жарылуу кырдаалдары түзүлгөн учурда, кабарды алгандан кийин, аларды бир сутканын ичинде жоюу.
2.6. Суу керектөөнүн ченемдери жана тарифтин өзгөрүшү жөнүндө аларды бекиткенден кийин 5 сутка ичинде массалык маалымат каражаттары аркылуу «Керектөөчүнү » кабардар кылуу.
Акы төлөмдөрүнүн баалары (тариф) өзгөргөн учурда, «Керектөөчүнүн» суу түтүктөрү менен агындылоо кызматтарынан пайдаланган акы төлөмүн кайра эсептөөнү жүргүзүү.
2.7. «Керектөөчү» менен сууну пайдалангандыгы үчүн жүргүзүлүүчү эсепти суу көлөмүн өлчөөчү аспап аркылуу жүргүзүү. Суунун көлөмүн өлчөөчү аспап жок учурда, акы төлөө баалары ушул Келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Көзөмөлдөөгө ыңгайсыз шартта болгон ишканалардан-трубанын кесилиши боюнча секундасына 1 метр ылдамдык менен күнү- түнү бир ай бою, суу керектөөнү 1 м3 сом тарифи боюнча, агындылоо үчүн 1м 3 сом менен эсеп жүргүзүлөт.
2.8.«Керектөөчүнүн» ичүүгө жарактуу сууну жана агындылоону пайдалануу үчүн төлөмдөрү боюнча арыздарын, арыз берген күндөн тартып 10 күндүн ичинде карал чыгуу.
2.9. «Камсыздоочу» өткөн мезгилдердеги акы төлөмдөр үчүн алдын ала кабарлап, эгер арызы 3 айдан ашык аралык ичинде төлөнбөсө, акы төлөмдөрдү билдирүү кагазы берилгенден 5 [i]күндөн кийин өчүрүлөт.
2.10. Суу өлчөөчү аспаптын көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө.
2.11. Жашап жаткан адамдардын саны өзгөргөн учурда (суу өлчөөчү аспап жок болгондо) сууну пайдалануу жана агындылоо үчүн кайра эсептөөнү «Керектөөчүнүн» тастыктоочу документтеринин негизинде жүргүзүү. «Керектөөчүнүн» катталбаган кошумча жашоочуларынын саны аныкталса, алар үй комитетинин өкүлү жана «Камсыздоочу» тарабынан каралып, пландуу текшерүүдөн тастыкталып ошол күндөн тартып жашоочулардын санынын өзгөргөндүгү тууралуу «Керектөөчүнүн» төлөмү жүргүзүлөт.
2.12. Шаардын суу түтүктөрүн жана агындылоо тармактарын, сугат катары уруксатсыз түрдө пайдаланган учурларда, «Камсыздоочу» «Керектөөчүнү» суу жана агындылоо тармактарынан пайдалануусун тыйып коюга укуктуу жана ошол эле учурда түтүктүн кесилиши боюнча суу чыгымы менен агындыларды кабыл алууга кошумча төлөм киргизе алат:
2.13. «Керектөөчүнүн» ички жана сырткы тармактарынан биринчи кудукка чейин жарылуу болгон учурларында суу жана агындылоо ички тармактарында ичүүгө жарактуу сууларды коромжу пайдаланган учурларда «Камсыздоочу» суу пайдалануу жана агындыларды чыгарууну сантехникалык аспаптын трубасынын өткөрүмдүүлүгү менен, трубадагы суу ылдамдыгы 1 м.сек .менен күнү- түнү бир ай бою орточо эсеп менен колдонулган сууга кошумча төлөм акы киргизет.
2.14. Техникалык шарттардын жана Келишимдин жок болушу «Керектөөчүнү» пайдаланган суу жана агындылар үчүн акы төлөмдөрүнөн бошотпойт. Эскертүү же кабар катты алган соң, «Керектөөчү» суу түтүктөрүнө жана агындылоо тармактарына пайдаланууга уруксат документтерин алууга милдеттүү, антпесе ал тиешелүү тармактардан кесилип сальшат.
2.15. Суу өлчөгүч аспап типтүү долбоор боюнча жана курулуш эрежелерине ылайык турак бөлмөнүн кире беришинде ыңгайлуу жерге орнотулат. Суу өлчөгүч аспап «Керектөөчүнүн» менчиги болуп эсептелет.
3.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык жана бекитилген эсеп акы боюнча «Камсыздоочу» суу пайдалануу жана агындыларды чыгаруу боюнча кызмат үчүн эсептешүү келе жаткан айдын 10-на чейин жүргүзүлөт.
3.2. Ичүүгө жарактуу сууну сарамжалдуу керектөөну камсыз кылуу, ичүүгө жарактуу суунун жоготууларын болтурбоо боюнча чараларды көрүү «Керектөөчүнүн» ички тармактарында тынымсыз аккан суулар пайда богон учурда, «Керектөөчү » 2 күндүн ичинде тийиштүү мекемеге ичүүгө жарактуу суунун жоготууларын жоюу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
3.3. Суу өлчөөчү аспап бар учурунда, берилген суунун өлчөмүн аныктоо үчүн, бектилген тартипте «Керектөөчүгө» суу өлчөөчү аспаптьш көрсөткүчтөрүн ар бир айдын чейин жазып алып, көрсөтүп жана пайдаланган суу жана агындылоо үчүн эсептөө билдирүү кагазын алып туруу.
Суу өлчөөчү аспап бузулган же иштен чыккан учурунда, пайдаланылган суунун жана агынды суулардын өлчөмү өткөн эки айдагы орто суткалык чыгымы боюнча аныкталат.
3.4. Суу өлчөөчү аспап жок учурунда берилген суу жана агындыларды пайдалануу жашоочулардьш санына жараша аныкталат.
А) «Камсыздоочу» жазуу түрүндө, тастыктоочу документти көрсөтүп жана жашоочунун убактылуу башка жакта жашоосу жөнүндө кабардар кылып, сууну жана агындылоону убактылуу пайдаланбоо жөнүндө арыз берүүсү зарыл. Ошол эле учурда, суу жана агындылоону пайдалануу эрежесине ылайык «Керектөөчү» убактылуу жашабаган мезгили учунда бир адамга төлөө үчүн милдеттенет.
Б) «Керектөөчүнүн» жашоочуларынын саны көбөйгөндө же азайган учурда ал бир ай ичинде, жазуу түрүндө, тастыктоочу тиешелүү документтерди тапшыруу менен «Камсыздоочунун» кайрылуусу керек.
3.5. Көзөмөлдөө иш аракеттерин аткаруу үчүн суу өлчөөчү аспаптын көрсөткүчүн алуу үчүн «Камсыздоочунун» кымзматкерлерине 08-00 ден 20-00 саатка чейин кирүү укугун камсыз кылуу. Эгерде кирүүгө тыюу салуу учурда кошумча төлөө трубанын кесилиши боюнча 1 м/сек ылдамдык менен Шевелев таблицасы боюнча жүргүзүлөт.
3.6. Ичүүгө жарактуу сууну өлчөөчү аспаптын көрсөткүчтөрүнүн анык сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү.
3.7. Жашаган жери өзгөргөн учурда «Керектөөчү» сууну жана агындылоо тармактарын пайдалангандыгы үчүн карызын төлөп, Келишимди кайрадан түзүүгө милдеттүү. Антпесе карызда төлөө жаңы үй ээсине жүктөлөт.
4.2. Суу берүүнү убактылуу токтотуу жана түтүктөрдөгү күтүүсүз жарылууларды жоюу «Керектөөчүнү» өз учурунда кабардар кылуу менен жүргүзүлөт.
4.1. «Камсыздоочу» сууну берүүнү себептүү жана белгилүү убакытка чектөөгө укуктуу.
4.2. Табигый кырсыктар, өрттөр жана согуштар, насостук станцияларга электр энергиясы келбей калган «Керектөөчүнүн» балансында турган тармактарда жарылуу болгон учурларда «Керектөөчүгө » суунун жетишсиз берилишине жана башка себептүү жагдайга «Камсыздоочу» жоопкерчиликтүү эмес.
4.3. Ушул келишимдин шарттарын сактабаган учурда «Камсыздоочу» «Керектөөчүгө» ичүүгө жарактуу сууну берүүнү жана агындыларды кабьш алууну токтотууга укуктуу.
4.4. Суу пайдалануу жана агындыларды чыгаруу кызматтарына өз убагында акы төлөнбөгөн учурда «Керектөөчү» карыз суммасынан ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,1 % өлчөмүндө кошумча туум төлөйт.
4.5. Суу өткөрүү жана агындылоо түтүктөрүнүн ички тармактарыньш техникалык абалы «Керектөөчү» тарабынан көзөмөлгө алынып турат.
4.6. Долбоордук документация менен расмий бекитилбеген ар кандай суу менен ички жана агындылоо системасын кайра өзгөртүү, суу менен камсыздоо жана агындылоого өз билемдик менен кошулуу, жарьшууну өз убагында калыбына келтирүү, таза суну сугат катары колдонуу эрежелерди бузгандык болуп саналат. Эреже бузуу учурларында «Керектөөчу» ушул келишимге, Кыргыз Республикасынын «Жарандык», «Административдик Кодекстерине» жана башка иштеп жаткан нормативдик актыларга ылайык жоопкерчилик тартат.
4.7. Ушул келишимди ишке ашырууда, ошондой эле ушул келишимде чагылдырылбаган башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасыныны нормативдик актыларын колдонуу зарыл.
4.8. «Керектөөчү» менен «Камсыздоочу» ортосундагы талаш-тартыштар, келипшестиктер «Камсыздоочудан», жогорку турган орган же сот органдары тарабынан, кызыктар болгон тараптын арызы боюнча чечилет.
4.9. Ушул келишим тараптар кол койгон учурдан баштап күчүнө кирет жана тараптардын ар бири алы жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылбаса жыл сайын узартылган деп эсептелет.
4.10. Ушул келишимде көрсөтүлгөн бардык өзгөртүүлөр жөнүндө тараптар өз убагында жазуу жүзүндө кабардар кыльш турууга милдеттенишет.
4.11. Ушул келишим эки нускада түзүлүп, алардьш бири «Камсыздоочуда» , экинчиси «Керектөөчүдө» болот.
«Камсыздоочу» «Керектөөчү»
ОМИ «Ошшаарсууканал» _________________________
Дареги:Т.Турсунбаева кеч. 256 Дареги:___________________
ИНН 02201200410193 Паспорт__________________
Эсеби 1342000210005392 тел:______________________
МФО 134002 Банк ФКБ «КАБ-Ош»
Тел: 0(3222) 6-41-01 ОКНО 23460193
Директор: Д.К.Кокочоров кол тамга:
«_ » 20__ жыл «__ » 20__жыл
Керектөөчү менен Камсыздоочунун ортосунда менчикти өз ара чектөө жөнүндө
АКТ
Биз, төмөндөгү кол коюучулар, суу менен камсыздандыруучу мекеме Камсыздоочу ОМИ «Ошшаарсууканал» жана Керектөөчү_____________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________
дареги боюнча жашаган, ушул актыны Керектөөчү менен Камсыздоочунун ортосунда менчиктин өз ара чектөөсү болуп, шаардык баштапкы түтүктөрдөн келип керектөөчүнүн жашаган турак жайына чейинки биринчи кудукка чейин эсептелет.
Чектөөчү биринчи кудуктан баштап керектөөчүнүн ички суу пайдалануу тармактары керектөөчүнүн менчиги болуп эсептелет жана тейленет.
Камсыздоочу _________________________________________________ Керектөөчү ______________________________________
(тиркеме 2)
АКТ №
Ош шаары « » 20 ж.
Биз, төмөндө кол коюучулар:
ОМИ «Ошшаарсууканал», текшерүүчү ___________________________________________________________________________________________________
керектөөчү ________________________________________________________________________________________________________________________
ушул актыны__________________________________________________________________________________________________________________________
дареги боюнча жайгашкан турак үйдө орнотулган суу өлчөөчү аспаптын акыркы көрсөткүчү_________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
курулуш ченемдер менен эрежелерге ылайык жана көрсөткүчтү алууга ыңгайлуу жерде
жайгашкан____________________________________________________________________________________________________________________________
үлгүсүндөгү суу өлчөөчү аспап пайдаланууга кабыл алынды.
Ушуну менен бирге:
1. Суу өлчөөчү аспаптьш көрсөткүчтөрүн алуу ай сайын ОМИ «Ошшаарсууканал» тарабынан керектөөчүнүн көзүнчө жүргүзүлөт.
2. Суу жана агындылоо үчүн төлөм ОМИ «Ошшаарсууканал» ишканасынын казынасына ар бир айдын 10 чу числосуна чейин төлөнөт. Эгерде мөөнөтү бузулса- ар бир кечиктирилген күндөрү үчүн 0,1 % кошумча туум кошулат.
3. Суу өлчөөчү аспаптын абалына жана аньш сакталышына керектөочү жооп берет. Ал суу өлчөөчү аспапка ОМИ «Ошшаарсууканал» текшерүүчүлөрү 08-00 ден 20-00 саатка чейин кируу укугун камсыз кылат.
4. Суу өлчөөчү аспаптын иштөө абалын жана көрсөткүчүн алууда тоскоол болгон учурларда, төлөм акылары суу пайдалануу эрежелери (Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суну пайдалануу» мыйзамынын негизинде) боюнча_______л. суткасына бир адамга бекитилген эсептөөнүн (тариф) негизинде жүргүзүлөт.
Текшерүүчү ОМИ «Ошшаарсууканал»______________________________ |
Керектөөчү________________________________________
|