Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 30-марты № 226
2011-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомол планын, бюджетин жана 2012-2013-жылдарга долбоорун, ошондой эле 2009-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык, «2011-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомол планын, бюджетин жана 2012-2013-жылдарга долбоорун, ошондой эле 2009-жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндөгү» маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 29-мартындагы №11-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы эске алынсын.
2.2011-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомол планы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3.2011-жылга Ош шаардык бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 848 450,5 миң сом, 2012-жылга долбоору 875 335,2 миң сом жана 2013-жылга долбоору 944 676,1 миң сом суммасында №2, №3, №4 жана №5- тиркемелерге ылайык бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
4.2011-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар №6- тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5.Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативи «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Мыйзамына ылайык белгиленсин.
6.Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жоготууларын толуктоо үчүн берилүүчү акча каражаты 450 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7.2011-жылда республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттар Ош шаарынын шаардык бюджети боюнча 181 945,5 миң сом өлчөмүндө аныкталып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысына жана Социалдык фондуна чегерүү багытына жумшалаары белгиленсин.
8.Шаардык бюджеттин эсебинен шаардагы мектептерде 1-4 класста окуган окуучуларга ысык тамак уюштуруу (2011-жылдын 1-апрелинен бир балага күнүнө 10 сомдон) жана өз убагында камсыз кылуу жагы шаардык финансы башкармалыгына жана билим берүү башкармалыгына милдеттендирилсин.
9.Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекемелеринин кирешесин толуктоо максатында шаардык парктар башкармалыгына, Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадионго, «Атайын адистештирилген автобаза» муниципалдык ишканасына, «Ош шамы» гезитинин редакциясына, «Шаардык сүт ашканасына», Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгына №7- тиркемеге ылайык дотация каралсын (тиркеме тиркелет).
10.Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү компенсация 10700,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
11.Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш) каржылануусу белгиленсин.
12.Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынан түшкөн кирешелерди казыналыктын регионалдык бөлүмү аркылуу пайдаланууну камсыз кылуу жагы мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
13.Жергиликтүү бюджеттин 2011-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылануучу иш чаралар №8-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
14.2011-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү накталай акчанын суммасы 300,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
15.Шаардын 2009-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 681 339,2 миң сом, чыгаша бөлүгү 651 034,5 миң сом, кирешелердин чыгашалардан 30 304,7 миң сомго ашыкча аткарылуусу жөнүндөгү отчету бекитилсин.
16.Ош шаарынын мэрине (М. Мырзакматов):
- Ош шаарынынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасында атайын техникаларды алуу үчүн каралган акча каражаттарын тендер өткөрүү жолу менен бөлүп берүү;
- Ош шаардык капиталдык курулуш, шаардык жолдор жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын 2011-жылга түзүлгөн титулдук баракчаларында каралган объекттердин курулуштарына, имараттардын ремонт иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында пайдаланып, так жана толугу менен аткаруу тапшырылсын
17.Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын №226-токтомуна №1-тиркеме |