Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №227
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынан, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 3-мартындагы №8 -токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 3-мартындагы №8-токтомунун негизинде 145,0 миң сом акча каражаттарын №1-тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана “Ош шамы” гезитине жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30- мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын№227 – токтомуна №1-тиркеме |
-15,0 миң сом акча каражатын-Ош шаарынын тургуну А.Балтабаеванын уулуна материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында;
-5.0 миң сом акча каражатын-Ош шаарынын тургуну Т.Айтибаевага материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында;
-5,0 миң сом акча каражатын-Ош шаарынын тургуну А.Насировага материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында;
-120,0 миң сом акча каражатын-Ош шаарында аялдардын эл аралык күнүн өткөрүү үчүн белек сатып алууга жана жыйындар залын жасалгалоо үчүн;
Жалпы сумма: 145,0 миң сом.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |