Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №229
2010-жылда Ош шаарында болуп өткөн июнь окуясынын кесепетинен жабыр тарткан Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги обьектерди ижарага алып иштетип жаткан ишкерлерди ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 14-январындагы №14/08-6 - Ош шаарында болуп өткөн июнь окуясынын кесепетинен жабыр тарткан Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги обьектерди ижарага алып иштетип жаткан ишкерлерди ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 3-мартындагы №9 - токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2010-жылда Ош шаарында болуп өткөн июнь окуясынын кесепетинен жабыр тарткан Ош шаарынын муниципалдык менчиктеги обьектерди ижарага алып иштетип жаткан 105 ишкердин 2010-жылдын 7 айына эсептелген (2010-жылдын июнь айынан 31-декабр айына чейин) 1706297 сом ижара акысынан жана июнь-июль айларындагы коогалаң учурда иш-жүргүүзүсү токтоп калган 543 обьектинин 2 айга 800,0 миң сом өлчөмүндөгү жергиликтүү бюджетке түшүүчү ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |