Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №231
Ош шаарындагы №8-«Ак-Буура» аймактык Кеңешинин №6-кварталдык комитетинин базасында аймактык Кеңеш түзүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 23 - мартындагы №111-08-4-катын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 –жылдын 14 - августундагы №578-«Ош шаарынын аймагын кеңейтүү үчүн жер бөлүп берүү» жөнүндөгү токтомунун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар,кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 25-мартындагы № 1 - токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарындагы № 8-«Ак-Буура» аймактык Кеңешинин №6-кварталдык комитетинин базасында бардык штаттык бирдиги менен № 11-«Жибек-Жолу» аймактык Кеңеши түзүлсүн.
2.Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) түзүлгөн аймактык Кеңештин тийиштүү иш кагаздарын даярдоо менен Ош шаардык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү;
-№5-«Керме-Тоо» аймактык Кеңешинин алдындагы № 218-кварталында, кварталдык комитеттин төрагасынын штаттык бирдигин ачуу;
- №3- «Сулайман-Тоо» аймактык Кеңешинин «Амир –Темир» көчөсүнө кварталдык комитеттин төрагасынын штаттык бирдигин ачуу;
- №11-«Жибек-Жолу» аймактык Кеңешинин алдында, №222, 223, 224- кварталдарына кварталдык комитеттин төрагасынын штаттык бирдигин ачуу тапшырылсын.
3.Ош шаардык каржы башкармалыгына (К. Абдыкадыров) түзүлгөн аймактык Кеңештин жана кварталдык комиттердин штаттык бирдигине кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |