Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-августу № 246
Иминов Аманулло Розыбаевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 3-августундагы №30- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын алгандыгына байланыштуу №2-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаты Иминов Аманулло Розыбаевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 22-статьясынын 4-пунктун, 24-статьясынын 3-пунктун, ошондой эле 31-статьясынын 7-пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешине №2-шайлоо округунан депутат Иминов Аманулло Розыбаевичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте мамлекетик каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын (Б.Матисаков).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |