Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-августу №248
Моминов Дильшотжан Набижановичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
№ 9-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаты Моминов Дильшотжан Набижановичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесинин 8- пунктун, ошондой эле 31-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешине №9 -шайлоо округунан депутат Моминов Дильшотжан Набижанович депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте мамлекетик каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын (Б.Матисаков).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |