Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 231
Ош шаарында жаңыдан № 11 «Жибек-Жолу» аймактык Кеңешин түзүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 23- мартындагы №111-08-4-катын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 –жылдын 14- августундагы № 578-«Ош шаарынын аймагын кеңейтүү үчүн жер бөлүп берүү» жөнүндөгү токтомунун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 25-мартындагы № 1- токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарына жаңыдан баардык штаттык бирдиги менен № 11-«Жибек –Жолу» аймактык Кеңеши түзүлсүн.
2. Ош шаарындагы № 8-«Ак-Буура» аймактык Кеңешинин № 6-кварталдык комитети аталган аймактык Кеңештин курамынан чыгарылып №222, 223, 224-кварталдар менен бирге № 11-«Жибек-Жолу» аймактык Кеңешинин курамына киргизилсин.
3. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) жаңы түзүлгөн аймактык Кеңештин тийиштүү иш кагаздарын даярдоо менен Ош шаардык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү;
- №5-«Керме-Тоо» аймактык Кеңешинин штаттык расписаниесине № 218-кварталдын, кварталдык комитеттин төрагасынын штаттык бирдиги киргизүү;
- №3- «Сулайман-Тоо» аймактык Кеңешинин штаттык расписаниесине «Амир –Темир» көчөсүнүн кварталдык комитеттин төрагасынын штаттык бирдигин киргизүү;
-№11-«Жибек-Жолу» аймактык Кеңешинин штатына, №222, 223, 224- кварталдарынын кварталдык комитеттин төрагасы штаттык бирдигин киргизүү тапшырылсын.
4. Ош шаардык каржы башкармалыгына (К. Абдыкадыров) жаңы түзүлгөн аймактык Кеңештин жана кварталдык комиттердин штаттык бирдиктерин кармоо үчүн кетүүчү чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Д.Алимбеков |