Редакцияот 21.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОСКВА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кезектеги XV-сессиясы XXV-чакырылышы

2011-жылдын 21-ноябры №77

Москва райондук Кеӊешинин күн тартибине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ

Москва райондук Кеӊешинин тѳрагасы, №4 шайлоо аймагынын депутаты Ж.Т.Сагинбаевдин маалыматын угуп, Москва райондук кеӊеши.

Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик акимчилиги» тууралуу мыйзамдын 3- бап, 14-берене, 2-бѳлүгүнѳ ылайык Москва райондук Кеӊешинин «Күн тартибинде» толуктоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү бекитилсин.

2. Райондук Кеӊештин аппараты бул токтомду Чуй областык Юстиция башкармалыгында Кыргыз Мамлекетинин мыйзамдар ченеминде каттоодон ѳткѳрсүн.

 

Москва райондук

Кеӊешинин тѳрагасы

 

Ж.Сагинбаев