Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты №81\ 20-25
Юрьевка айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк К-1 коэффициентин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 02.10.2008 -ж. Салык Кодексинин 339 беренесинин 4 п. ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү беренени аткаруу максатында Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн аймагында 2011-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн чөлкөмдүк коэффициенти К-1 өлчөмдө аныкталсын
2. Юрьевка айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Эминов |