Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 39/XIV-25
Кочкорбаев айылдык округунда 2010-жылга карата бюджеттин аткарылышы жана 2011 -жылга карата бюджетти жана штаттык жүгүртмөнү кабыл алуу
Кочкорбаев айылдык округунун каржы бөлүмүнүн башчысы Эгемкулова Динаранын “2010 - жылга бюджеттин аткарылышы боюнча 2011- жылга карата штаттык жүгүртмөсүн жана жаны бюджетти кабыл алуу жөнүндө маалыматы угулду жана талкууланды, ”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы бөлүмүнүн башчысынын 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча 2011-жылга карата штаттык жүгүртмөсүн жана жаны бюджети жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.
2. 2011 жылга карата штаттык жүгүртмө жана жаны бюджет бекитилсин:
Киреше бөлүгү - 8072,5 миң.сом
Чыгаша бөлүгү -9077,0 миң.сом
2010- жылда бюджеттин аткарылышы:
Киреше бөлүгү - 8896,0 миң.сом
Чыгаша бөлүгү -9077,0 миң.сом
3. Штаттык жүгүртмө 2011 жылга коюлган бюджетке карата бекитилсин.
4. Кочкорбаев айылдык округунда 2012-жылга карата бюджет өз учурунда кабыл алынсын.
5. Токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрө агасы Рустемов М.М. жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Осмонкулов Ж.С. |