Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-сентябры №52 /XVII-25
Кочкорбаев айылдык округунда таза суу колдонуу баасынын көтөрүлүшү жөнүндө
СООППВ “Суу бул өмүр” жетекчиси Гопоненко Г.М. таза сууну колдонууда баасынын көтөрүлүшү жөнүндө берген маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин депутаттары белгилеп кетишти, айылда таза суу менен камсыздалышында электроэнергиянын көп эсептелишинин негизинде түнкүсүн суу өчүрүлүп турат, ошондуктан түнкү убакытта суунун өчүрүлбөшү үчүн сууну колдонуу баасын көтөрүү зарыл болгондуктан
Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айылдык округунун таза суунун колдонуу баасы 1 сентябрь 2011 – жылдан баштап 1 кишиге 25 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Осмонкулов Ж.С. |