Редакцияот 30.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 100/ХIV-25

Таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин (Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы) таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндөгү 12-беренесине ылайык, Узун-Кыр айылдык округунун кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2011 жылга таштандыларды чыгаруу үчүн бир адамга (жеке жак) – 60 (алтымыш) сом, мекеменин кызматкерине (юридикалык жак) – 100 (жүз) сом өлчөмүндө ченди коюу менен ушул жылдын 1 апрелине чейин төлөө мөөнөтү бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы – К.Макашовага жүктөлсүн.

 

Узун-Кыр айылдык округунун

кеӊешинин төрагасы

 

М. Молдобаев