Редакцияот 08.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 8-декабры №120/XVII-25

2012-жылга карата Красноречка айыл өкмөтүнүн жана Красноречка айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

Красноречка айылдык округдун жоопту катчысы В.Т. Шаршеева “2012-жылга карата Красноречка айыл өкмөтүнүн жана Красноречка айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө” туралуу берген маалыматы угулду жана талкуланды. Алдыда коюлган иш планда айылдык кеңештин жана айылдык округдун аткарыла турган иш планы бир жылга ылайыктап көргөзүлгөн, план боюнча айылдык округдун чогулушу жана айылдык кеңештин сессиясы өз учурунда өткөрүлүп турарына ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Красноречка айылдык округунун жооптуу катчысы В.Т. Шаршеева “2012-жылга карата Красноречка айылдык кеңештин жана Красноречка айылдык округдун түзүлгөн иш планы боюнча маалымат кабыл алынсын.

2. ”2012-жылга карата түзүлгөн Красноречка  айылдык  кеңештин жана Красноречка айылдык округдун иш планы бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Красноречка айылдык округдун жоопту катчысы В.Т.  Шаршеевага  жүктөлсүн.

 

Красноречка айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К.М. Исламов