Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29 июну №106 /XV-25
Красноречка айылында таза суу колдонуу баасынын көтөрүлүшү жөнүндө
СООППВ “Рызык” тын жетекчиси Р.Ж. Эшимканов таза сууну колдонууда баасынын көтөрүлүшү жөнүндө берген маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңешти депутаттары белгилеп кетишти, айылда таза суу менен камсыздалышында электроэнергиянын көп эсептелишинин негизинде түнкүсүн суу өчүрүлүп турат, ошондуктан түнкү убакытта суунун өчүрүлбөшү үчүн сууну колдонуу баасын көтөрүү зарыл болгондуктан,
Красноречка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красноречка айылдык округунун таза суунун колдонуу баасы 1 май 2011 – жылдан баштап 1 кишиге 25сомдон бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджет жана финансы комиссиясына жүктөлсүн.
Красноречка айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.М. Исламов |