Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты №130/ХХ-25
Соода-сервистик тейлөө үчүн Бишкек-Торугарт чоң жолунун боюндагы жер тилкесин берүү жөнүндө
Жер тилкелерди ижарага берүүдө, айыл өкмөтүнүн бюджетинин толукталып жаткандыгын эске алып, “Соода-сервистик тейлөө үчүн Бишкек-Торугарт” чоң жолунун боюнда жайгашкан жер тилкесин берүү жөнүндө” жер маселелери боюнча адис Е.В.Саидованын маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сынактын негизинде соода-сервистик тейлөө үчүн “Бишкек-Торугарт” чоң жолунун боюндагы жер тилкеси ижарага берилсин.
2. Берилген жер тилкелерине тиешелүү иш кагаздарды тариздөө Ысык-Ата Мамкаттоосунан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.В.Ким |