Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-сентябры №138/ХХ-25
“Айыл чарбага белгиленген жердин” категориясына “жайыт” жана “бадалдар” жерлеринин түрүнөн “суу алдындагы” жана “курулуш алдындагы “ жерлер түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 11 жана 13- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.01.2008 жылдын №19 токтому менен бекитилген, жер тилкелеринин бир категориядан экинчи категорияга өткөн тартиби жөнүндө Жобону колдонуп, №100, 101 ж-а 102 контурлардагы жайланышкан жер тилкелерин которуу жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү контурлар жайгашкан жер тилкелерин (трансформациялоо) которуу жүргүзүлсүн
-Айыл чарбага белгиленген жерлер категориясына “жайыт” жерлеринин түрүнөн “суу алдындагы” жердин түрүнө №100,101 контурдун жалпы аянты 1,12 га.
-“Айыл чарбага белгиленген жерлер” категориясына “бадалдар” жеринин түрүнөн “курулуш алдындагы” жердин түрүнө №102 контурдан аянты 0,1 га
2. Ушул токтом Ысык –Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жиберилсин.
3. Ушул токтомдун атакарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.В.Ким |