Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31 марты №111/XXII-25
Жээк айылдык айылдык кеңешинин калкка көрсөтүлгөн акылуу тейлөөнүн тарифтик баасын бекитүү жөнүндө
Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.К.Акматалиеванын Жээк айылдык кеңешинин калкка көрсөтүлгөн акылуу тейлөөнүн тарифтик баасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Жээк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээк айылдык округу тарабынан көрсөтүлгөн акылуу тейлөөнүн тарифтик баасы № 1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Акылуу тейлөөнүн төлөмдөрүнөн майыптар жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана жесирлери бошотулсун
3. Социалдык коргоо башкармалыгына, сот, бейтапкана, РАК. РИИБ. соц.фондго көрсөтүүчү маалымкаттарды акысыз жазып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.К.Акматалиевага жүктөлсүн.
Жээк айылдык кеңешинин төрайымы |
З. Сыйналапова
|