Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-декабры № 105/ХХ-25
Бала-бакчадагы тамактанууга тариф баасын көтөрүү жөнүндө
"Алтын-балалык №5 бала-бакчасынын мүдүрү Адылбекова Р.А. Бала-бакчадагы тамактанууга тариф баасын которуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап ,тамак-ашка болгон баалардын жогорулап кетиши менен тамактанууга коюлган акча каражаты жетишсиз болуп жатат. Балдар түштөн кийинки тамактан кийин эки сааттан ашыгыраак болууда ,ошондуктан түштөн кийинки тамак сапаттуу денгелде болушу керек. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайды эске алып,тамактанууга 10 сомдон кем эмес баа көтөрүү зарыл. 2011 жылдын 13 декабрында болуп откон ата-энелер чогулушунун протоколу да бар .Айтылгандардын негизинде
Логвиненко айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-бакчада тамактанууга ата-энелердин тариф -төлөмү 10 (он) сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Логвиненко айылдык округунун каржы бөлүмүнүн башчысы - Акаева З.Б. жүктөлсүн
Логвиненко айылдык кеңешинин төрайымы |
Акаев Н.М. |