Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-февралы №122
2012-жыл Талас облусунда “Ажыбек Датка” жылы деп жарыялоо жөнүндө
“Ажыбек Датка” коомдук фондунун 10.01.2012-жылы №6- кайрылуу катын жана Манас райондук мамлекеттик администрациясынын №50 26.01.2012-жылкы жолдогон катын (көчүрмөсү тиркелет) карап көрүп, талкуулап, Манас райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун калкына 2012-жыл “Ажыбек Датка” жылы деп жарыялоо боюнча кайрылуу кабыл алынсын.
2. Талас облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор К.Курманалиевадан ушул кайрылууну облустагы райондук мамлекеттик администрацияларга, райондук Кеңештерге, айыл өкмөттөргө жана айылдык кеңештерге жеткирүүгө жана көзөмөлгө алуусу жагы суралсын.
3. Кайрылуу облустук жана райондук басылмасында жарык көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы райондук Кеңештин аппаратына (Джаманкараев А.Б.) жүктөлсүн.
Манас райондук кеңешинин төрагасы |
Ниязалиев М.К |