Редакцияот 03.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2012-жылдын 3-февралы №123

Манас райондук мамлекеттик  администрация башчысы-акимди кызмат ордуна талапкерди  сунуштоо жөнүндө

2011-жылдын 16-кулжа айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан кабыл алынган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамдарын жана 2011-жылдын  10-баш оона айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №459-токтому менен “Райондук мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык  талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө”    Жобонун негизинде Манас райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас райондун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин кызмат ордуна талапкерди тандоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы менен  21 добуш алган акимдин кызмат ордуна Кузебаев Едил Төлөгонович талапкерлиги көрсөтүлсүн.

2. Түзүлгөн эсептөө комиссиянын  №1, №2, №3 протоколдору бекитилсин (тиркелет).

3. Бекитилген протоколдордун бир нускалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилсин.

4. Акимдин кызмат ордуна Кузебаев Едил Төлөгонович бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановко  сунушталсын.(тиркелет)

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырам.

 

Манас райондук

кеңешинин төрагасы

Ниязалиев М.К