Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июлу № 40
Айылдык кеңешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №42 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыйноого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2016-жылдын 15-июлундагы №05-10/1574 иш кагазынын негизинде, айылдык аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №42 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыйноого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдин жаңы редакциясы бекитилсин, тиркелет.
2. Бекитилген келишимге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга караштырылган статистикалык иштердин тизмеги бекитилсин.
3. 2016-жылга карата статьялары боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистигин каржылоонун расчету бекитилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышыны каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |