Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-августу № 41
Жергиликтүү бюджеттин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Ата-энелерден түшкөн акча каражатка байланыштуу бала бакчалардын атайын каражатын көбөйтүү боюнча айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Күн-Чубак” бала бакчасынын атайын каражатына 500,0 мин сом өлчөмүндө акча каражаты, 22181100 “Тамак-аш сатып алуу” статьясына 400,0 мин сом жана 22221200 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алууга” статьясына 100,0 мин сом жана “Келечек” бала бакчасына 400,0 мин сом өлчөмүндө акча каражаты, 22181100 “Тамак-аш сатып алуу” статьясына 300,0 мин сом жана 22221200 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алууга” статьясына 100,0 мин сом көбөйтүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |