Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-августу № 42
Жергиликтүү бюджеттин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын малдарын купкага салуучу жайдын оңдоо иштерине АРИС долбоору аркылуу бөлүнүүчү акча каражатына кошумча өздүк салымды жылдыруу жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Келечек” бала-бакчасынын 3112 статьясынын 31123290 “Башка эмерек жана жабдууларды алуу” элементинен 100.0 миң сомду “Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүкчөсүнүн 3111 статьясынын 31112290 “Башка имараттарды алуу жана куруу” элементине жылдырылып берилсин.
2. “Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүкчөсүнүн 2215 ст.22154900“Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланыштуу башка чыгышалар” элементинен 169.0 миң сом жана 2222 статьясынын 22221200 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды алуу” элементинен 90.0 миң сомду ушул эле бөлүкчөгө 3111 статьясынын 31112290 “Башка имараттарды алуу жана куруу” элементине жылдырылып берилсин.
3. Ушул эле бөлүкчөдөн IV кварталдан 3112 статьясынын 31121290 “Башка транспорт каражаттарын алуу” элементинен 272.6 миң сомду 2215 статьясынын 22154900 “Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланыштуу башка чыгышалар” элементине 82.6 миң сом, 2222 статьясынын 22221200 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды алуу” элементине 90.0 миң сом жана “Келечек” бала-бакчасынын 3112 статьясынын 31123290 “Башка эмерек жана жабдууларды алуу” элементине 100.0 миң сом жылдырылып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |