Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 22-декабры №152/24-5
"Муниципалдык менчиктеги автоунааларды керектен чыгаруу жөнүндө"
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын, балансында турган муниципалдык кызмат көрсөтүү ишканасынын оперативдүү колдонуусундагы автоунааларын керектен чыгаруу жөнүндөгү 2010 - жылдын 19 - ноябрындагы №01-1/682 сандуу катынын жана актысынын негизинде "Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча" туруктуу комиссиясынын берген чечимине, ошондой эле Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын "Муниципалдык менчиктин карамагындагы негизги каражаттарды керектен чыгаруу" жөнүндөгү Жобого, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин 2010-жылдын 10-мартындагы №58-П буйругунун "Негизги каражаттарга тиешелүү болгон бюджеттик мекеме, уюмдардагы жарактан чыккан имараттар, курулуштар, автоунаа, жабдуулар, транспорттук каражаттар жана башка мүлктөрдү керектен чыгаруу боюнча тартиби" жөнүндөгү инструкциясына ылайык депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган муниципалдык кызмат көрсөтүү ишканасынын оперативдүү колдонуусундагы 1990 ж. ГАЗ-52 (бензовоз), 1990 ж. (будка) ГАЗ-53 жана 1990 ж. (водовоз) ГАЗ-53 маркасындагы автоунаалары керектен чыгарылсын.
2. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (К.Табышов) Талас шаарынын муниципалдык менчигинин реестрине өзгөртүү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен "Жаны багыт" газетасына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы "Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча" туруктуу комиссиясына (А.Байтелиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |