Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 71
Жергиликтүү бюджеттин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Өндүрүштүк муктаждыка байланыштуу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 24-октябрындагы отурумунун протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Келечек” бала-бакчасына 10 даана 2 кВттык электр жылыткыч алып берүү үчүн 2224 ст.22241100 “Көмүр сатып алуу” элеменинен 50.0 миң сомду ушул эле бөлүкчөгө 3112 т.3112390 “Башка эмерек жана жабдууларды алуу” элементине жылдырылып берилсин.
2. “Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнүн 3112 ст.31123290 “Башка эмерек жана жабдууларды алуу” элементинен 100.0 миң сомдон 50.0 миң сомун айыл ичиндеги көчөлөргө шагыл таштарды түшүрүүгө 2221 ст.22211200 “Курулмаларды учурдагы оңдоо” элементине жана 50.0 миң сомду муниципалдык мүлктүн инвентаризациялоосун мамлекеттик каттоосуна 2215 ст.22154900 “Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланыштуу башка чыгышалар” элементине жылдырылып берилсин; 3113 ст.31131230 “Малды сатып алуу” элементинен 150.0 миң сомду “аппарат” бөлүкчөсүнөн 2215 ст.4900 элементине “Айыл өкмөтүнүн айкындуулук паспортун жасатууга” жылдырылып берилсин.
3. Маданий-спорт ордосуна 20.0 миң сомду 2231 ст.22311100 “Сууга акы төлөө” элементине, 75.0 миң сомду 3112 ст.31123290 “Башка эмеректерди на жабдууларды сатып алуу” элементине спорт инвентарларын алууга жана 92.8 миң сомун “Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнүн 3112 ст.31123290 “Башка эмеректерди на жабдууларды сатып алуу” элементине көчөлөргө кошумча электр жабдыктарын орнотууга жылдырылып берилсин.
Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. Р.К.Садыровага жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |