Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 73
Теплоключенка айылдык кеңешинии жана айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жөнүндө Жобону бекитүү
Айылдык кеңешинин этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунуштап жаткан Теплоключенка айылдык кеңешинии жана айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жөнүндө Жобону талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылдык кеңешинии жана айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Токтом каттоо Реестр журналына катталсын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жана облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |