Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-декабры № 76
Жергиликтүү бюджеттин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Өндүрүштүк муктаждыка байланыштуу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 15-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Мамакеев атындагы гимназия-мектебинин 2222 статьясынын 22221200 “Учурдагы максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу” элементинен 72.0 миң сомду ушул эле статьянын 22221100 “Жабдууларды жана материалдарды алуу” элементине парта, стул алууга жана 3112 статьясынын 31123290 “Башка эмерек жана жабдууларды алуу” элементинен 24.0 миң сомду ушул эле статьянын 3230 “Компьютерлерди алуу” элементине принтер алууга жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. Р.К.Садыровага жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |