Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-декабры № 78
Маданий-спорттук комплексинин имаратында калкка кызмат көрсөтүү борборун ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүү борбор калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түздөн-түз бир гана жерден пайдалануусуна, мамлекеттик уюмдар (мекемелер) менен иштешүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартууга (жеңүүгө), бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү айкындуулукту жана ачыктуулукту жогорулатуу максатында айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданий-спорттук комплексинин имаратынын 1-чи кабатында калкка кызмат көрсөтүү борборун ачуу үчүн “Инфоком” мамлекеттик ишканасына оперативдик колдонууга берилсин.
2. Аталган борборду ачууга материалдык-техникалык камсыздоого жана ишин алып барууга кетүүчү чыгымдар “Инфоком” мамлекеттик ишканасына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы – айылдык кеңешинин тиешелүү комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |