Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 33-сессиясы
2017-жылдын 22-апрели № 33-5
Көк-Жар "Тешик-Таш" ИСКААКБнын 2016-жылга карата түзгөн бюджетин бекитүү тууралуу
Көк-Жар айылдык кеңешинин сессиясында айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын элди таза суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар "Тешик-Таш" ИСКААКБнын 2016-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1 282 182 (Бир миллион эки жүз сексен эки миң бир жүз сексен эки) сом болуп бекитилсин.
2. 2016-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышында максаттуу пайдалануу жагы, Көк-Жар Көк-Жар "Тешик-Таш" ИСКААКБнын төрагасы А. Жаяев милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |