Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 36-сессиясы
2017-жылдын 20-июлу № 36-1
Жийде айылынын тургуну Г.Маматеминовдун өз менчигиндеги ФАП куруу үчүн берилген жерин, муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылына ФАП куруу жөнүндөгү Жийде айылынын жашоочусу Г.Маматеминовдун өздүк менчигиндеги жерин ФАП курууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу Жийде айылынын тургуну Г.Маматеминовдун ФАП куруу үчүн өз менчигиндеги жерди Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга жана мамлекеттик ФАП курууга макулдук берилсин.
2. Жерди өткөрүп алууда анын юридикалык жактан мыйзамдуулугун кароо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. М.Мамытов атындагы Жийде орто мектебинин жерине волейбол ойноочу аянтчаны курууга,айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча кирешенин эсебинен акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,билим берүү,саламаттыкты сактоо,спорт,дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |